Бүгүн, 25-февралда Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын оюндары өтөт. Оюндар 26-февралга караган түнү Бишкек убактысы боюнча 02:00дө башталат.
Оюндардын тизмеси: "Наполи" (Италия) - "Барселона" (Испания), "Сан-Паоло" стадиону (Неаполь шаары, Италия). Башкы калыс: Феликс Брых (Германия).
"Челси" (Англия) - "Бавария" (Германия), "Стэ́мфорд Бридж" стадиону (Лондон шаары, Англия). Башкы калыс: Тюрпен Клеман (Франция).