Самаркандек айылында арпа уурдагандар кармалды

Баткен облусунун Самаркандек айылында арпа уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Самаркандек айылындагы базарда 48 жаштагы тургунга тиешелүү болгон контейнерден түн ичинде белгисиз адамдар 1 тоннадан ашык арпасын уурдап кеткен. Бул факты Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Самаркандек айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, ошол эле айылдын 26 жаштагы 2 тургуну жана 22 жаштагы 1 тургуну кармалган. Ал эми келтирилген чыгымдар жабырлануучуга кайтарылып берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gitaris93
2020-02-25 15:29:52
Чычкандар го
0
leilekstan_1987
2020-02-25 16:51:17
Ишшамбиликтар жон журбойт экенда))))
0
emirchik
2020-02-25 16:52:55
Жарабагырлар десе Уурулук кылганга жараша Кымбатырак нерсе уурдабайсынарбы Куласан Тоодон кула деген соз барго.Адамдын кулкусун келтирбей!
+1
aerforce
2020-02-25 19:39:39
Айылдын атын эмес районун жазсанар кандек деп иттин ургачысын айтчу беле Самаркандек деген эмнени тушундурор болду экен?
-1
lenovo820
2020-02-26 01:15:42
Чон чон келемиштер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан