Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда көзүнөн жаракат алып калган Улукбек Жолдошбеков мамлекеттин эсебинен дарыланат

Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда чемпион болуп, бирок көзүнөн жаракат алып калган кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков мамлекеттин эсебинен дарыланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын курама командасына кирген спортчу аталган дирекциянын эсебинен медициналык тейлөөдөн өтөт. Толук кандуу дарылануу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат", - деп билдиришти.

Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакка чейинкилер арасында алтын байгеге ээ болгон. Ал беттеш учурунда атаандашы көзүн чукуп алганын, көзүнүн көрүүсү начар болуп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
modem4999
2020-02-25 16:10:58
Жакшы болуп кетсин.
+1
MIRBOLOT
2020-02-25 16:22:21
Сакайып кетсин, чемпион
+1
Sara1993
2020-02-25 16:32:30
Аллах Таалам шыпаасын берсин, эч ким эч качан оорубасын.
0
iryi1
2020-02-25 18:26:45
Жараткан Тенирибиз ден соолук берсин.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан