Бүгүн, 25-февралда Жогорку Сот жаңы жагдайлар боюнча өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуяга тиешеси бар делип өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайра карамак. Соттук процесс башталганда Мамлекеттик айыптоочулар кассациялык арыз менен тааныш эмес экендигин билдиришкен. Сот Аскаровдун жактоочусу буга чейинки соттук чечимди жокко чыгаруу боюнча арыз бардык тараптарга, анын ичинен прокуратурага да жөнөтүлүшү керектигин белгиледи. Кеңешме залынан чыккандан кийин соттук коллегия отурумду 6-апрелге жылдыруу чечимин кабыл алганын айтты.
Сот отурумунан чыккан Кадича Аскарова (ред. Азимжан Аскаровдун аялы) соттор күйөөмдү бошотуу чечимин кабыл алат деген үмүтү бар экенин айтты.
"Мен сот отурумуна атайын Базар-Коргондон келдим. Бирок отурум жылып кетти. Мен сот отурумуна катышып, соттордун жүзүн карап алып күйөөмдү эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алышат деген жакшылыктан үмүт кыла берем. Азимжан Аскаров деле 68 жашка чыкты, ден соолугу да жакшы эмес", - деди ал.
Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов соттук коллегия формалдуулук үчүн эле отурумду жылдырды деген пикирде. Айтымында, ал жазган кассациялык арыз 10-15 барак чыгат. Эми аны соттун айтымы боюнча тараптардын баарына жөнөтөт.
"Мен аракетибизден жакшы чечим чыгат деп ишенип турам. Ишенбесем бул кадамдарды жасамак эмесмин", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин Аскаров “Базар-Коргондо 2010-жылдагы массалык баш аламандыкты уюштурган” деген беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
2019-жылдын 30-июлунда Чүй облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайра карап, мурунку өкүмдү күчүндө калтырган.
2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.
Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.
Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.