Коронавируска байланыштуу Тажикстан Ооганстан жана Өзбекстан менен чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүдө

Тажик бийлиги Ооганстанда коронавирус жуктургандар катталгандыгына байланыштуу Ооганстан менен Өзбекстан чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Тажик-Ооган чек арасында турушат. Ооганстандан келген адамдардын бардыгы санитардык көзөмөлдөн өтүп, жашаган жерине каттоого тургузула баштайт. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзода мындай чаралар Өзбекстан менен чек арада да көрүлүп жатканын билдирген. Анын айтымында, Түштүк Кореядагы Тажик жарандарынын көпчүлүгү Ташкент аркылуу келүүдө. Ал эми мамлекет жетекчилиги жакынкы күндөрү чек ара көзөмөлүн күчөтүүдөн тышкары башка чаралар да көрүлө баштаарын кошумчалаган. Алсак, аталган үч өлкөдөн келген бардык адамдарды карантинге жаткыруу варианты да бар экендиги айтылган", - деп айтылат маалыматта.

Ооганстанда коронавирус жуктуруп алган биринчи учур 24-февралда катталган. Буга байланыштуу ал жакта өзгөчө кырдаал жарыяланганы маалым.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан