
Стамбулда жасалма аракка ууланып, 53 жаран каза болду, дагы 15 киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, уулангандар Түркмөнстандын жарандары болгон. Ооруканага жаткырылгандардын айрымдарынын абалы оор.
19-мартта Түркияда түркмөнстандыктар ууланганы белгилүү болгон. Түрк телеканалдары жасалма арак ичип дароо 15 киши көз жумганын, алардын көпчүлүгү Түркмөнстандын жарандары экенин кабарлаган. 60тай киши Стамбулдун ооруканаларында жатканы, көпчүлүгүнүн абалы оор экени маалым болгон.
Уулангандар жасалма аракты коронавирустан сактануу үчүн колдонушкан. Үй шартында арак жасаган деген шек менен 11 адам кармалган. Тинтүү учурунда алардан көп өлчөмдөгү жасалма арак, ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган.
Буга чейин Иранда коронавирустан коргонуу максатында метил спиртин ичип, тургундар ууланып каза болгон.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алкоголдук ичимдиктер коронавирустан коргобой тургандыгын расмий маалымдаган.