Бүгүн, 26-февраль күнү түндө Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын оюндары болуп өттү.
Италиянын "Наполи" командасы өз үйүндө испаниялык "Барселона" клубун кабыл алды. Беттеш кызыктуу болуп, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул эки команданын жооптук беттеши 19-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Испаниянын Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда өтөт.
"Наполи" - "Барселона" 1:1;
Голдор: Дрис Мертенс (30-мүнөттө), Антуан Гризманн (57-мүнөттө).
Англиянын "Челси" командасы өз үйүндө германиялык "Бавария" клубун кабыл алды. Бул оюнда "Бавария" клубу жоопсуз үч гол киргизди. Лондондук клуб канча аракет кылбасын, эсеп санын теңей алган жок. Бул эки команданын жооптук беттеши 19-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Германиянын Мюнхен шаарындагы "Альянц Арена" стадионунда өтөт.
"Челси" - "Бавария" 0:3;
Голдор: Серж Гнабри (51-54-мүнөттө), Роберт Левандовский (76-мүнөттө).