АФК Кубогу-2020: "Нефтчи" командасы 3:0 эсебинде конокто жеңилип, АФК Кубогунан четтеп калды (хронология)

Бүгүн, 26-февралда Кыргыз өлкөсүнүн "Нефтчи" командасы АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун тайпалык баскычына чыгуу үчүн тажикстандык "Худжанд" командасы менен жооптук беттешин Дүйшөмбү шаарындагы борбордук стадиондо өткөрдү. Беттеш кызыктуу жүрүп "Худжанд" командасы 3:0 эсебинде өз үйүндө жеңишке жетишти. Эки оюндун жыйынтыгы менен "Худжанд" командасы 3:1 эсебинде "Нефтчи" командасын утуп, АФК Кубогундагы тайпалык баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүн алды.

2020-02-26 19:31:00

Ышкырык жаңырды. "Нефтчи" командасы 3:0 эсебинде конокто жеңилип калды.

2020-02-26 19:30:00

Негизги убакыт аягына чыгып, калыс кошумча 1 мүнөт убакыт кошуп берди.

2020-02-26 19:29:00

Гол! "Худжанд" командасынын оюнчусу Дилшод Бозоров дарбазага топту таамай багыттап, эсеп санын 3:0гө айлантты.

2020-02-26 19:25:00

"Нефтчи" командасынын оюнчусу Олександр Игнатенко оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазына ээ болду.

2020-02-26 19:23:00

"Нефтчи" командасы ылдам каршы чабуул уюштурууда.

2020-02-26 19:20:00

"Нефтчи" командасында алмашуу, Кайрат Изаковдун ордуна Умудилло Иминов оюн талаасына кошулду.

2020-02-26 19:18:00

Гол! "Худжанд" командасынын оюнчусу Дилшод Бозоров башы менен топту дарбазага таамай багыттап, эсеп санын 2:0гө айлантты.

2020-02-26 19:15:00

Калыс ышкырыгын жаңыртып, экинчи 15 мүнөттүк башталды.

2020-02-26 19:14:00

Биринчи 15 мүнөттүк соңуна чыкты. Командалар кыска мүнөттүк эс алууда.

2020-02-26 19:11:00

Эки команда тең топко бирдей ээлик кылууда.

2020-02-26 19:07:00

"Нефтчи" командасында алмашуу Арген Жуматаевдин ордуна Аброр Кыдыралиев оюн талаасына чыкты.

2020-02-26 19:00:00

"Нефтчи" командасы бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүн алды. 

2020-02-26 18:58:00

Биринчи 15 мүнөттүк. Калыс ышкырыгын жаңыртты. Топту "Худжанд" командасы оюнга кошту.

2020-02-26 18:52:00

Убакыт аягына чыкты. Эки оюндун жыйынтыгы менен командалар 1:1 эсебинде тең болуп, дагы кошумча 15 мүнөттүк 2 бөлүк болот.

2020-02-26 18:48:00

Негизги убакыт аягына чыгып, калыс беттешке төрт мүнөт кошумча убакыт кошуп берди.

2020-02-26 18:47:00

"Худжанд" командасынын оюнчусу алыскы аралыктан сокку узатты, топ өйдө кетти.

2020-02-26 18:43:00

"Нефтчи" командасынын оюнчусу Азамат Омуралиевге каршы оюн эрежеси бузулду.

2020-02-26 18:37:00

"Худжанд" командасы "Нефтчи" командасынын талаа бөлүгүндө топту көбүрөөк кармоодо.

2020-02-26 18:31:00

"Нефтчи" командасынын оюнчусу Кайрат Изаков жаракат алып, дарыгерлердин жардамына муктаж.

2020-02-26 18:30:00

"Худжанд" командасы топко көбүрөөк ээлик кылууда.

2020-02-26 18:25:00

Эки команда тең катары менен ылдам каршы чабуул уюштурууда.

2020-02-26 18:23:00

"Худжанд" командасынын оюнчусуна каршы Амридин Шарифи оюн эрежесин бузду.

2020-02-26 18:10:00

"Нефтчи" командасынын сол канаттан уюштурулган ылдам каршы чабуулуна  "Худжанд"  командасынын дарбазачысы биринчи болуп жетти.

2020-02-26 18:02:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты, топту "Нефтчи" командасы оюнга кошту.

2020-02-26 18:01:00

Командалар оюн талаасына чыгууда.

2020-02-26 17:39:00

"Худжанд" командасы гол киргизгенден кийин активдүү болуп, арты-артынан чабуулдарды уюштурууда.

2020-02-26 17:35:00

Эсеп 1:0 "Худжанд" командасынын пайдасында.

2020-02-26 17:33:00

"Худжанд" командасынын бурчтан чыгарып берүүсүнө "Нефтчи" командасынын оюнчулары биринчи болуп жетти.

2020-02-26 17:33:00

"Худжанд" командасынын дагы бир бурчтан чыгарып берүүсүн чабуулчу Дилшод Бозоров голго айланта алды.

2020-02-26 17:26:00

"Нефтчи" командасынын чабуулчусу Эльдар Молдожунусов дарбазачы менен дээрлик жекеме-жеке чыгып ийгиликтүү боло алган жок.

2020-02-26 17:25:00

"Нефтчи" командасынын коргоочусу Азамат Абдуллаев дарыгерлерден кеңеш алып кайра оюнга кошулду.

2020-02-26 17:20:00

Топ талаанын ортонку бөлүгүндө көбүрөөк кармалууда.

2020-02-26 17:13:00

"Худжанд" командасынын көтөрүлгөн тобуна Михаил Паюш биринчи болуп жетти.

2020-02-26 17:12:00

"Худжанд" командасынын оң канаттан уюштурулган чабуулу кооптуу болуп, дарбазачы Михаил Паюш активдүү болду.

2020-02-26 17:10:00

"Нефтчи" командасынын оң канаттан уюштурулган чабуулун каршылаштардын коргоочусу токтотту.

2020-02-26 17:07:00

"Худжанд" командасы көбүрөөк топко ээлик кылууда.

2020-02-26 17:04:00

"Худжанд" командасынын оюнчусу Абдулмумин Забиров оюн эрежесин бузгандыгына байланыштуу сары айып кагазына ээ болду.

2020-02-26 17:01:00

"Худжанд" командасы дароо эле чабуулга чыгып, бурчтан чыгарып берүүгө ээ болду.

2020-02-26 16:59:00

"Нефтчи" командасы ак ал эми "Худжанд" командасы кызыл түстө ойнойт.

2020-02-26 16:57:00

Командалар оюн талаасына чыгууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kyrgyz40
2020-02-26 17:49:37
Нефтчи алга коркпой ойногула коп болсо женилестнерда
-1
murat17
2020-02-26 19:30:21
Нефтчи сасыган лолулорго утулду
+1
Altyn2017
2020-02-26 21:40:41
Булар бир бирине пас беришти билбейтко ушинтип да футбол ойношобу сроччно тренерди алмаштырыш керек бир воротага сокку болгон жок начар аябай начар.
0
Dembele84
2020-02-27 10:35:27
Ото начар оюн корсотту,дворовый футболго окшоп техника,тактика,скорость, пас жок.Уят !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан