Чүйдө мурда соттолгон жаран ишкерди коркутуп, тоноду деген шек менен камакка алынды

Чүйдө мурда соттолгон жаран тоноого шектелип кармалды. Ал мейманканалардын бирине кирип, коркутуу жолу менен акча каражатын алган дейт ИИМдин басма сөз катчысы.

Февраль айында укук коргоо органдарына 38 жаштагы аял кайрылып, ишкерлерге карата коркутуулар болуп жаткандыгын билдирген. Окуя 2020-жылдын 10-февраль күнү болжол менен таңкы саат 04:00дө Ысык-Ата районунда жайгашкан жеке мейманканалардын биринде орун алган. Анда белгисиз адам мейманканага кирип, коркутуу жолу менен 7 миң сом акча каражатын ээлеп алгандыгы жазылган арызда.

"Ыкчам жана алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББинин кызматкерлери тоноого шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кармалган жаран мурда соттолгон Ысык-Ата районунун 1992-жылы туулган О.Х. аттуу тургуну экени аныкталды. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан