Бишкектеги "Народный" дүкөнүн тоноого аракет кылган 18 жаштагы жаран кармалды

Бишкектеги "Народный" дүкөнүнө курал менен кирип, тоноого аракет кылган жаран колго түшүрүлдү. Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, окуя 26-февралда саат 04:50 чамасында Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

"Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө "Народный" дүкөнүнө куралчан адам кирип, тоноп жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын кайгуул кызматкерлери барышып, 20-25 жаш чамасындагы жаран дүкөндү тоноого аракет кылганын аныкташкан. Шектүү дүкөндүн күзөтчүлөрүн көргөндө белгисиз тарапка качып кеткен.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында изи сууй электе Жибек Жолу менен Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен шектүү делинип 2001-жылы туулган М.Д. аттуу жаран кармалды. Аны текшерүү учурунда жанынан жасалма мылтык табылып, Биринчи Май районунун 5-шаардык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2020-02-27 09:22:43
Акыры куноосуз эле бир бечара кармалбадыбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан