Бишкекте 3-5-март күндөрү өтө турган хоккей боюнча төртүнчү дивизионунун Дүйнө чемпиондугуна Кувейт өлкөсү катышпайт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мындай чечимди Кувейт өлкөсүнүн шейхи кабыл алган. Кувейт өлкөсү коронавирус боюнча өлкөдө жарыяланган карантинге байланыштуу бул чемпиондукка катышпайт. Бул командага 0:5 эсеби менен техникалык утулуш берилет. Буга байланыштуу Дүйнө чемпиондугун өткөрүү тизмеси өзгөрдү.
3-март (шейшемби)
19:30 Турнирдин ачылыш аземи.
20:00 Кыргыз өлкөсү - Филиппин.
4-март (шаршемби)
20:00 Филиппин - Малайзия
5-март (бейшемби)
18:00 Кыргыз өлкөсү - Малайзия
20:00 Турнирдин жабылуу аземи.
Маалыматка ылайык, бул чемпиондукту уткан команда, хоккей боюнча үчүнчү дивизионунун Дүйнө чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк алат.