16-майга карата дүйнөдө 4 миллион 538 миң 406 адам коронавирус илдети менен катталды. Анын арасынан 1 миллион 636 миң 306 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылып, 307 миң 486 адам каза болду.
АКШ дагы деле коронавирус инфекциясынын жайылуусу боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Өлкөдө 1 миллион 442 миң 819 адам коронавирус илдетин жуктурганы аныкталды. Алардан 250 миң 747 адам илдетти жеңсе, 87 миң 530 бейтап өлүмгө моюн сунду.
Орусияда 262 миң 843 адам вирус жуктурганы белгилүү болду. 58 миң 226 бейтап сакайып, ооруканадан чыкса, 2 миң 418 адам көз жумду.
Улуу Британияда 238 миң 4 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Андан 1 миң 47 бейтап ооруканадан айыгып чыкса, 34 миң 78 адам дүйнө салды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.