Улуттук курама команданын чабуулчусу Виталий Люкс бүгүн, 27-февралда 31 жашка чыкты.
Виталий Валентинович Люкс 1989-жылы 27-февралда Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Ал алты жашында ата-энеси менен чогуу Германияга көчүп кеткен. Виталий Люкс Кыргыз курамасында алгачкы жолу 2015-жылы 11-июнда Бангладеш курамасына каршы оюнга чыккан.
2019-жылы 16-янарда Филиппин курама командасына каршы оюнда хет-трик жасап, Кыргыз курамасын Азия Кубогунун плей-офф баскычына алып чыккан. Учурда Виталий Люкс Кыргыз футбол тарыхындагы хет-трик жасаган алгачкы футболчу болуп саналат.
Учурда Виталий Люкс Германиянын футбол сүйүүчүлөр лигасындагы "Түркспор" клубунда ойнойт.
27-февралга карата жылнаама.