26-февралда АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун Борбор Азия аймагынын тайпалык баскычындагы бардык командалар белгилүү болду. Дүйшөмбү шаарында “Худжанд” командасы “Нефтчи” командасын жеңип, тайпалык баскычка өтө алды. "Дордой" клубу АФК Кубогунда "D" тайпасында жайгашып, плей-офф баскычына чыгуу үчүн, төмөнкү үч команда менен беттештерди өткөрөт.
1. "Алтын Асыр" (Түркмөнстан);
2. "Дордой" (Кыргыз өлкөсү);
3. "Истиклол" (Тажикстан);
4. "Худжанд" (Тажикстан).
АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы биринчи оюнун "Дордой" командасы өз үйүндө, тагыраагы Бишкек шаарындагы "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо 11-март күнү түркмөнстандык "Алтын Асыр" клубуна каршы өткөрөт.