Жактоочу Сапар Исаков тамакка ууланганын жазып чыкты

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков тамакка ууланды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасында жазган.

"Мурда белгиленген ЖЭБ иши боюнча отурум Сапар Исаков жоктугуна байланыштуу болбой калды. Өз кезегинде Сапар Исаков кечээ тамакка ууланып калгандыктан, соттук процесске келе албай калган. Отурумда конвойлор тергөө абагындагы дарыгерлердин медициналык текшерүүлөрүнө таянып Исаковдун ден соолугунун начарлаганын тастыкташты. Жакынкы арада Сапар Исаков калыбына келип, биринчи күнү соттук процесс уланат деп үмүттөнөм", - деген жактоочу билдирүүсүндө.

Буга чейин Жоошев SUPER.KG порталына "Сапар Исаковдун кан басымы 140/90 болуп көтөрүлүп кетиптир. Мындан тышкары башы тегеренип, жүрөгү айланып, өзүн жаман сезип жатканын айтты. Дене табы дагы көтөрүлүптүр. Учурда анын ден соолугун тергөө абагындагы дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат", - деп билдирген.

Ал эми УКМК Сапар Исаковдун абалы турукташып калганын билдирген.

"Учурда Исаковдун ден соолугу турукташып, канааттандырарлык болуп калды. Эртең менен ал ооруксунуп жаткан. Дарыгерлер Исаковдун ден соолугун көзөмөлдөп жатышат", - деген мекеменин басма сөз катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ernestinio
2020-02-27 15:15:37
великолепный век - сериал болуп кетти го бул жагы
+5
Jaznura
2020-02-27 15:15:49
Тамакка ууланган эмес мурда жегендери оорутуп атса керек.
+6
chake
2020-02-27 15:17:08
Кезектеги спектакль
+6
katerina.li
2020-02-27 15:19:56
Ай 140/90 сапардын жашындагы эркеке нормальный эле давления. 180 200 болуп кетсе опасно
+5
Absamat-90
2020-02-27 15:28:43
Болушу мумкун эгер Сапар корсотмо берип офшорго которулган акчалар ачыкталат деп корккон шефи кылыш мумкун. Ал эми бийликке сапарды ууландыруу не выгодно, анткени уурдалган акчаларды казынага кайтаруу керек.
+1
titanik32
2020-02-27 15:50:56
Жомокту койгулачы элди алдабай,темир кычкачка ТЕЦки,тарых музейге ууланбаган Сапар жеген жумшак тамака ууланабы?
+3
Samatalibei
2020-02-27 15:57:01
Элдин акчасы кееде уулап койот. Ден соолукта болунуз.
-1
nazarKGZ
2020-02-27 15:57:57
Чондордун баары оруп калышат тур мого тушкондо
+1
Dembele84
2020-02-27 16:01:28
Дагы эмне болду?Сотко чакырса эле ооруп кала берет экен да.Суйроп эле келиш керек сары балашканы эркелетпей!!!
+1
Patoshik1
2020-02-27 17:29:57
Dembele84,Минус!!!
0
futboler
2020-02-28 03:07:05
Patoshik1, сен случайно Сапаш эмессиңби?
-1
futboler
2020-02-27 16:09:58
Он жылдан бери 150/100 менен жашап келем, кудайга шүгүр эч нерсе болбой эле. Жегенге келгенде ташты да ээритип жиберишет. Ошону жегенден мурда ойлонуш керек эле, эртең жооп берчү күн келет деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан