Бир бөлүгүн күрөөканага, калганын BMW унаасына алмашып жиберишкен. Таласта 3 миллион сомдук зер буюмдарды уурдаган шектүүлөр кармалды

Талас шаардык милициясы 3 миллион сомдук зер буюмдарды уурдаган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Талас ШИИБине 1962-жылы туулган С.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 8-февралынан 9-февралга караган түнү Талас шаарынын борбордук базарында алтын зер сатуучу дүкөндүн эшиктерин, кулпуларын талкалап кирип, белгисиз адамдар зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Ыкчам топ окуя болгон жерге барганда болжолу 3 миллион сомду түзгөн алтын жана күмүш зер буюмдар уурдалганын аныкташкан. Андан кийин 2 дүкөндөн ар кандай үлгүдөгү сатыкта турган 12 уюлдук телефон уурдалгандыгы аныкталган.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Талас ШИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринде Бишкек жана Чуй облусунан аталган кылмышка шектүү катары 2 адам кармалып, Талас ШИИБине алып келинген. Алар Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну 1996-жылы туулган Б.Д. жана Чуй облусунун Кемин шаарынын тургуну 2001-жылы туулган М.У.

"Шектүүлөр 8-февраль күнү эртең менен Таласка Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен келишип, түнгө чейин Көк-Ой айылында жайгашкан панорамада болушуп, саат 02:20 чамаларында базарга киришкен. Түн жарымда бет капчан болуп дүкөнгө киришкен. Бирөөсү кийиминин ичине лом салып барып, ошону менен витриналарды талкалап, уурдалган буюмдарды унаага салышып түндөп түз эле Бишкек шаарына сапар алышкан. Буюмдардын бир бөлүгүн күрөөканаларга өткөрүшүп, калган бөлүгүн БМВ 7 үлгүсүндөгү унаага алмашып жиберишкен. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы убакта тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан