Криштиану Роналдунун айкели шоколаддан жасалды

Португалиялык кондитер Хорхе Кардозу Португалия курама командасынын жана италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун айкелин шоколаддан жасады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хорхе Кардозу бул айкелге 120 килограмм шоколад жана 200 саат убактысын короткон. Бул айкелдин бийиктиги 1 метр 87 сантиметрди (Роналдунун бою да 1 метр 87 сантиметр) түзөт. Хорхе Кардозу бул айкелди Португалиянын Овари шаарында өтүп жаткан карнавалда көрсөттү. Карнавал бүткөндөн кийин Роналдунун шоколаддан жасалган айкели Португалиянын Мадейра шаарындагы музейге коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан