Бүгүн, 27-февралда эртең менен Италиядан 2 Кыргыз жараны келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов билдирип, өлкөгө кирген жарандарды аэропорттон тепловизор менен текшерип эле жөнөтүптүр деген.
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик профилдик органдарына бул ишти көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришет.
Учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады мекеменин басма сөз катчысы.