20 миң долларлык угузуучу аппарат жоголгон окуя. "Кайрымдуу адамдар жаңы аппарат сатып беришти" дейт кыздын апасы

Өткөн жылдын декабрь айында угузуучу аппаратын маршруттук таксиде жоготуп алган кыздын окуясы тууралуу жазылган. Кыздын апасы Таалайкүл Карагулова SUPER.KG порталына угузуучу аппарат табылбай, кайрымдуулук фонду аларга жаңы аппарат алып бергенин билдирди.

"Менин 5 жаштагы балама жана 2-класстагы кызым экөөнүн тең кулагына Түркиядан операция жасалып, угузуучу аппарат тагылган. 23-декабрь күнү кызым маршруттук таксиде баратып угузуучу аппаратын түшүрүп алыптыр. Жоготуп алгандан кийин ал 3 күн ыйлап, эч нерсе жебей жатты. Жаңы жылдык балатыга бармак эле, ыйлап ал жакка да барган жок. Көңүлү ачылбай, арыктап да кетти. Угузуучу аппарат табылбагандан кийин үмүтүм үзүлүп, кайрымдуулук фонддорго кайрылгам. Акыры бир фонд эскирип калган баламдыкын жаңыртып, кызыма жаңы аппараттын акчасын таап беришти. Сапаттуу угузуучу аппарат АКШ жана Түркияда гана сатылат. Түркиялыктар биздин абалыбызды түшүнүп, болушунча арзандатып, 6000 долларга жасап беришти", - дейт кыздын апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-02-27 18:22:13
жакшы жанылык аябай. эми эскиси да табылып берсе оло соонун болмок
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан