Экс-депутат Алишер Мамасалиев: "Саясий партиялар шайлоо учурунда берген убадаларын аткаруу үчүн бир эле реалдуу жолу бар". КҮНСОБОЛ

Быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. 2015-жылы парламенттик шайлоодо 6 партия Жогорку Кеңешке келген. КСДП, "Республика-Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол", "Ата Мекен" партиялары парламентке өтүшкөн. Алардын мөөнөтү бүтөрүнө аз убакыт калды. Жогорку Кеңештеги партиялар элге берген убадаларын канчалык аткарып же аткара алышпаганы коомчулукта кызуу талкууда.

SUPER.KG порталы "2015-жылы парламентке өткөн партиялар убадаларын аткардыбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев саясий партиялар шайлоо учурунда берген убадаларын аткаруу үчүн бир эле реалдуу жолу бар экенин айтты.

"Партия парламентке келип, башкаруу коалициянын мүчөсү болуп, өкмөттүн башчысын өзүнүн фракциясынан дайындаш керек. Ошондо гана саясий партия өзүнүн партиялык программасын жана элге берген убадаларын аткара алат, башка жол жок. Тилекке каршы, бизде премьер-министрдин талапкерлигин жаңы өкмөт түзүлгөндө "7-кабаттан" көрсөтөт. Ошондуктан өкмөт башчы башкаруу коалицияга эмес, ал "7-кабатка" көз каранды. Мындай түзүлгөн башкаруу системде бир дагы парламентке келген партия өзүнүн программасын эч качан ишке ашыра албайт", - дейт Мамасалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан