Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 22-февралда белгисиз жарандын жансыз денеси табылган. Аталган окуяга шектелген жаран колго түшүрүлгөнүн Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"22-февраль күнү саат 21:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын “Достук” аллеясында жашы 35-40 чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берененин 1-бөлүгүнүн негизинде (киши өлтүрүү) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жаран Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы Х.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал эми маркумду өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы М.У. аттуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну үйүндө жашырынып жаткан жеринен кармалды.
Каза болгон жаранга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын корутундусунда көкүрөгүнө бир жолу бычак сайылгандыгы аныкталды. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.