Бүгүн, 27-февралда белгилүү актёр Жеки Чан коронавирус жуктуруп алган деген шек менен карантинге алынган деген маалыматтар интернетке тарап, бир катар басылмалар жазып чыгышкан.
Актёр өзү тууралуу тарап жаткан маалыматтарга жооп берди. Ал расмий билдирүүсүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
"Камкор болгонуңуздарга рахмат! Мен аман-эсенмин, ден соолугум дагы жакшы. Сураныч, кабатыр болбогула, мен карантинде эмесмин. Башкалардын дагы ден соолугу жакшы деп үмүт кылам", - деп айтылат билдирүүдө.