Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран кармалды

Ысык-Көлдө "бейбаштык" беренеси менен 23 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. ИИМдин маалыматына ылайык, кармалган жаран мурда да соттолгон.

"Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан бейбаштыкка шектелип 1996-жылы туулган Э.Э. кармалды. Кармалган жаран Ысык-Көл районунун тургуну, мурда баңги заты, алдамчылык менен соттолгон.

Учурда шектүү делинген жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Анткени буга чейин ишкерлерге тийишип, курорттук ишканалардын кызматкерлеринен опузалап акча талап кылып жатат деген маалымат укук коргоо органдарына келип түшкөн.

Кармалган жаран ИИМдин каттоосундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Тергөө амалдары улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taku.14.02
2020-02-28 03:55:51
менден башкасы баары эле я ОПГ болуп кеткенби
0
bond02
2020-02-28 09:46:31
Бекер тамакка аябай семириптир да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан