"Кыргызстан сулуусу - 2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу - 2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова кезинде италиялык актриса, модель Моника Беллуччи иштеген ири моделдик агенттик менен келишим түздү. Бул жаңылыгын Бегимай социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Кымбаттуу окурмандарым, сиздерге карьерамдагы дагы бир ийгилигимди бөлүшкүм келип турат. Мен жай, бирок туура кадам менен алдыга жана жогору карай баратам. Мен Германиядагы ири «Louisa Models» аттуу моделдик агенттик менен иштешип баштадым. «Louisa Models» евромода дүйнөсүндө жаш, перспективдүү моделдерди дүйнөгө бат тааныткан агенттик катары таанымал. Аларда Моника Беллуччи сыяктуу моделдер иштеген", - деп жазган модель.
Эске салсак, Бегимай Карыбекова буга чейин италиялык "Еmpоriо Аrmаni" компаниясынын модели болгону тууралуу жазылган.