Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаардык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Ал алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй ОИИББине М.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анын арызында "Н" аттуу чала таанышы ишенимге кирүү жолу менен эки жер тилкесин сатканы айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө тобу тарабынан шектүү катары Б.Х. аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ал Сокулук райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-02-28 20:31:44
Урматтуу президент 40күн эс алуу алып ордуңузду мага берсеңиз кылмыштуу топ, милиция, прокуратура, соттор взятка албай турган кылып реформа тез арада болуп тышкы карызды төлөп гүлдөгөн Кыргызстанды кайра өзүңүзгө өткөрүп берем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан