"Дордой" базарынан куртка уурдаган деген жаран кармалды

Бишкектеги "Дордой" базарынан 14 миң сомдук күрмө уурдаган деген жаран кармалды. Учурда шектүү "уурулук" беренеси менен убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

15-февралда Свердлов РИИБине А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар күрмө уурдап кеткенин билдирген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө шектүү делинип 1995-жылы туулган К.М. кармалды. Учурда тергөө иштери улантылып, кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

Кылмыш жасагандардан жабыркагандар же алар тууралуу маалымат билгендер болсо укук коргоо органдарына кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(0550) 102-872; 0(554) 001-200 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mina24
2020-02-28 18:51:36
Козун неге жабасынар ачкыла эл да корсун уруну
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан