Орусиянын Ленинград облусунда 35 жаштагы кыргыз келинди мекендеши зордуктаганы айтылууда. Бул тууралуу айрым орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, окуя тууралуу айтып берген. Арызда келин 25 жаштагы мекендешинин үйүнө конокко барганда, мекендеши аны кетирбей зордуктап койгондугу айтылган. Келин качып чыгып алдынан чыккан автобуска отуруп, полиция бөлүмүнө кайрылган.
Жабырлануучу дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштейт. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.