"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман Бишкектеги батыш автобекетинде жол кырсыгы катталганын маалымдады.
"Бүгүн, 29-февраль күнү Батыш автобекетинде аскерлерди ташыган унаа менен жеңил унаа кагышты. Аскер ташыган унаа жолдон чыгып, жолдун четиндеги дүкөндү да сүзгөн. Окуядан аскерлер же айдоочулар жабыр тарттыбы, белгисиз. Аларды алып кетишиптир. Азыр окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иштеп жатышат", - дейт окурман.
Жол кырсыгы тууралуу милициянын кайгуул кызматына чалганыбызда, окуя такталып жатканын билдиришти.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.