Бийчи Атай Өмүрзаков негиздеген "Тумар КР" тобу Бухарестте өткөн "Румыния таланттарды издейт" эл аралык шоу программага катышып, жарым финалга чыкты. Ийгилиги тууралуу топтун уюштуруучусу, жетекчилеринин бири Саламат Абдрахманов SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Тумар КР" тобун сынактын уюштуруучулары өздөрү чакырып, буга чейин коюп жүргөн бийди аткарып берүүбүздү суранышты. Көрүүчүлөрдү тажатпайлы деп башка жаңы бий көрсөтөлү десек, болушкан жок. Андыктан формаларыбызды, гримди толугу менен жаңылап чыктык. Бийчи балдар сынакка күз айында барып, тартылып, жарым финалга өтүп келишкен. Ошол сынак кечээ гана эфирден берилди.
Негизи "Тумар КР" тобунун курамында көп балдар бар. Айрымдары учурда чет өлкөлөрдө келишим менен иштеп жүрүшөт. Биз бул жактан аларды даярдап, хореограф, режиссёр, уюштуруучулук милдетти алабыз. Бухарестте өткөн "Румыния таланттарды издейт" шоу программасында калыстар биздин жигиттердин өнөрүн жогору баалап, тандоо турунан жарым финалга өткөрүштү. Буюрса, жазында жарым финал өтөт. Азыр ошого кызуу даярдык көрүп жатабыз", - дейт Саламат Абдрахманов.