Бүгүн, 29-февраль күнү социалдык тармакка "Аламүдүн дарыясынан жашыл түстөгү суу агып жатат" деген аталышта видео тарады. Анда видеого тартып жаткан адамдын "Бүгүн, 29-февралда Бишкектеги Аламүдүн дарыясы ушундай жашыл түстө агып жатат. Мен Дордой аймагында турам. Бул жактан жашыл суу агып, суу сактагычка барат. Мага эмне болуп жатканын түшүндүрүп бергилечи. Эмнеге дарыя жашыл болуп калган?" деп айтканы угулат. Аталган видео боюнча Шаардык мэрия билдирүү таратты.
"Кымбаттуу шаардыктар, социалдык тармакта Аламүдүн дарыясынан жашыл суу агып жатканын "тартып алган" видео тарап жатат. Биз видео кайсы аймакта тартылганын аныктадык. Видео Дордой жана Эне-Сай конуштары аркылуу өткөн Аламүдүн дарыясында тартылган. ТСЖ (турак жай ээлеринин шериктештиги), кварталдык комитеттин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар дарыянын суусу кадимкидей эле тунук агып жатканын айтышты. Район башчысы Мурат Осмонов да маалыматты тастыктап, дарыядагы суу тунук жана таза экендигин, ал эми видео чындыкка дал келбей турганын айтты", - деп жазылат маалыматта.