1-марттан 2-мартка караган түнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Испания чемпиондугунун 26-турунун алкагында дүйнөнү экиге бөлгөн оюн, тагыраагы, "Реал Мадрид" жана "Барселона" командаларынын беттеши орун алат.
Испания чемпиондугунун алкагында бул эки команда 179 жолу беттеш өткөргөн. Эки команда тең бири-бирин 72 жолу жеңип, 35 жолу тең чыгышкан. Бул беттеш Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтөт.
Эки команданын акыркы беттеши Испания чемпиондугунун алкагында 2019-жылдын декабрь айында орун алган. Анда "Камп Ноу" стадионунда орун алган беттеште командалар 0:0 эсеби менен тең чыгышкан.
"Реал Мадрид" - "Барселона"
"Сантьяго Бернабеу" стадиону (Мадрид шаары)
Башкы калыс: Антонио Матеу Лаос