Оштун "Алай" футболдук клубу орусиялык эки футболчу менен келишим түздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган клубдун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристан билдирди.
"Алай клубу азербайжандык 26 жаштагы коргоочу Гванзав Магомедов жана орусиялык 30 жаштагы дарбазачы Сергей Буркин менен келишим түздү. Коргоочу Гванзав Магомедовдун акыркы ойногон клубу "Знамя Труда" клубу болсо, дарбазачы Сергей Буркиндин акыркы командасы армениялык "Уэст Армения" клубу болгон", - деп билдирет маалымат катчы.
"Алай" клубунун оюнчулары бүгүн саат 08:00дө Анталья шаарынан окуу-машыгуу жыйынынан өтүп, өлкөгө учуп келишти. Команда 8-18-март күндөрү Ташкент шаарына окуу-машыгуу жыйынына барышат.