Бүгүн, 2-мартта борбордук аянтта абактагы саясатчы Садыр Жапаровго боштондук талап кылган митинг өтүүдө.
Саат 13:00гө карата чогулгандардын саны уюштуруучулардын айтымында, болжолдуу 2 миңден ашык. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан митингге канча адам катышып жатканы тууралуу маалыматты тактап жатканын билдиришти.
"Азыр дагы эл кошулат. Бул митингдин башталышы гана", - дешти уюштуруучулар.
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев митингди расмий түрдө ачып, митингге келген аксакал бата берди.
Ошондой эле "Ала-Тоо" аянтында электр энергиясы өчүрүлгөнү белгилүү болду.