Бишкектеги "Манас" аба майданынын жанындагы мурда Ганси авиабазасы жайгашкан аймакта Корей, Кытай жарандары 14 күнгө карантинге алынганын окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирди. Айтымында, карантинге алынган жердин шарттары начар.
"Бир залда корейлер жатса, бир залында кытайлар жатат экен. Бардыгына жалпы даараткана. Тамагы начар, жуунучу жай жок, ичкенге суу сураса да беришпейт экен. Сырттан тамак киргизели дешсе дагы кабыл албай жатышыптыр. Балдары менен жаткандар бар болгондуктан алар ыйлап, карантинде жаткандар жапайы шартта жатабыз дешти", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.