Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 10-кабатынан 18 жаштагы кыз кулап түштү. Ал алган жаракатынан улам каза болгонун Биринчи Май РИИБинин басма сөз катчысы билдирди.
"1-мартта болжол менен саат 01:00 чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Насирдин Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз кулап түшкөнү кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, алдын ала маалымат алышкан. Анда 2001-жылы туулган С.В. аттуу кыз 10-кабаттын балконунан кулап түшкөн. "Тез жардамдын" кызматкерлери жабырлануучунун каза болгонун аныкташкан. Окуянын себеби белгисиз.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тийиштүү медициналык-экспертизалар дайындалды", - деп билдирет маалымат катчы.