КҮНСОБОЛ: Бийлик көчөдө протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн эмне кылышы керек? Дүйшөбаев: "Бул маселе укуктук талаада мыйзамдын негизинде чечилиши керек"

1-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаров элди митингге чыкпоого чакырган. Кайрылууну Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялаган. Ага карабастан бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" борбордук аянтында Садыр Жапаровду колдоо максатында анын тарапташтары митингге чыгышты. Президенттик аппарат Садыр Жапаровдун тарапташтарына үч күн ичинде жооп кайтара тургандыгын билдиришкенин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров белгиледи.

SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Бийлик көчөдө протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн эмне кылышы керек?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев бул маселе укуктук талаада мыйзамдын негизинде чечилиши керектигин айтты.

"Мен дагы аянтта турам, эл көп, маанай начар. Ушуга жеткирбей мыйзамды колдонуп, компромисттик жолго келип бул маселени чечип койсо жакшы болмок. Элди көчөгө чыгарганын күтпөй эле бул маселени чечүү шарт болчу. Саясий туткундардын баары чыкты. Садыр Жапаров эле калды. Мыйзамдын чегинде тынчтыкты сактап, маселени чечип койсо туура болмок", - дейт Дүйшөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан