"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Шекафтар айылына кендин калдыктары төктүрүлгөн деген маалыматка Экотехинспекция жооп берди

"Ала-Бука районунун Жой-Белент айылында 2019-жылы кытайлар кен казып кеткен карьер бар. Ал жактын кароолчусу 28-февраль күнү түндө карьер жактан КамАЗдарды көрүптүр", - деп "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жөнөткөн.

Ал айдоочулардан "Эмне алып баратасыңар? Кайда барасыңар?" деп сураганда бирөөсү Бозумчак кенине дары ташып жатам" десе, экинчиси "Шекафтарга таштанды таштаганы баратам" деп жооп беришкенин билдирген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Сумсар айылында 27-февралда түнкү саат 04:00 чамасында эки жүк ташуучу “ХОВО” үлгүсүндөгү автоунаа жергиликтүү тургундар тарабынан токтотулуп, анда спецификалык жыты бар, химиялык заттар аралашкан таштандылар жүктөлгөнү аныкталган.

"Бул таштандылар “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсынан жүктөлүп чыгып, Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүнүн аймагындагы союз учурунан калган Сумсар кенинин 3 гектар жер аянтындагы калдык жайгаштыруу жайына жеткирилип бара жаткандыгы аныкталган. Калдык жайгаштыруучу жай Сумсар айыл өкмөтү тарабынан “Жакшы-Бай” коммерциялык кооперативине 3 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Ошондой эле мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн. Чаткал райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттары алынып, долбоорлору даярдалып, экологиялык экспертизадан өткөрүлгөн.

17-февралда “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы менен “Жакшы-Бай ” коммерциялык кооперативи ортосунда таштандыларды жайгаштыруу жана утилизациялоо боюнча келишими түзүлгөн. Унааны жергиликтүү тургундар токтоткон кезде, айдоочулардан эмне жүктөп бара жатканы тууралуу толук маалымат ала албагандыгына байланыштуу, кооптуу химиялык зат деп коомчулукка билдирүү таратышкан.

Учурда жергиликтүү тургундардын бул заттар жаратылышка жана адамдарга канчалык зыяндуу уулу зат экенин, утилизациянын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча кайрылуусунун негизинде аталган инспекциянын Аймактык башкармалыгы тарабынан атайын пландан сырткары текшерүү иштери уюштурулууда.

Буга чейин “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү Мамэкотехинспекция тарабынан 2019-жылдын 11-апрелинде текшерүүгө алынган. Анын негизинде өндүрүштүк коопсуздук боюнча 25 пункттан турган кемчиликтер табылып, аны жоюуга эскертмелер берилген. Учурунда берилген эскертмелер так аткарылбагандыгына байланыштуу 46 миң сом өлчөмүндөгү айып салынып, өндүрүлгөн.

“Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы буга чейин экологиялык коопсуздук талаптарын бузгандыгына байланыштуу 2019-жылы пландуу текшерүүдө 561 миң 795 сом доо коюлуп, 45 миң сом өлчөмүндө айып салынып, эки доо тең өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы экологиялык жана техникалык коопсуздукка толук жооп бербейт.

Азыркы тапта Ала-Бука райондук ИИБнын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү каттоо реестрине катталып, иш козголгон.

Мамэкотехинспекция тарабынан тергөө иштерине толук колдоо көрсөтүлүп, тийиштүү органдар менен биргеликте иш жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Экотехинспекциянын жогорудагы маалыматына ылайык, "Элдик кабарга" окурман жөнөткөн билдирүүнүн Бозумчак кенине тиешеси жок болуп чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2020-03-02 22:20:13
Эмнеси болсо да курук чыгасынар да, эч моюндагынар келбейт
Башкача айтканда суттон аксынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан