"Бишкек шаарында абал тынч. Азыркы учурда коомдук тартипти сактоого аракет кылуудабыз". Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта ИИМдин башчысынын орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
"Азыркы тапта жабыркагандар бар же жогун, ошондой эле канча адам кармалганын да айта албайм. Милиция кызматкерлери тарабынан таш ыргыткандар боюнча факты берилгенде анан жообун беребиз. Шаар ичиндеги коопсуздук түнү бою көзөмөлдө болот", - деди Каниметов.
Саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, кууп таратты. Ага чейин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алган эле.