"Митингди таратуу учурунда милиция кызматкери жабыркады. Анын бутуна таш тийген". Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Азыркы тапта "Тез жардамдын" дарыгерлери жаракат алган милиция кызматкеринин бутун таңып жатышканын аянтта жүргөн кабарчыбыз айтты.
Бүгүн, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратты.