Бүгүн, 2-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингинин уюштуруучулары УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалгандар экс-депутат Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров, "Кырк уруу кыргыз - жети дубан ынтымагы" кыймылынын жетекчиси Амангелди Артыков жана башкалар. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Кылмыш кодексинин "бийликти күч менен басып алуу аракети" беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Учурда тергөө чаралары жүрүп жатат.
Саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратты.