Биз социалдык тармакта

Күндүн сүрөтү: Митинг учурунда китеп окуп отурган жарандын сүрөтү талкуу жаратты

Социалдык тармактарда митинг учурунда жайбаракат китеп окуп отурган жарандын сүрөтү кызуу талкуу жаратты. Колдонуучулар аны "Күндүн сүрөтү" деп аташууда.

Сүрөттүн арткы фонунда күч түзүмдөрү борбордук аянтты көздөй баратканын көрүүгө болот. Ал эми тротуар жакта колунда китеби бар адам тартылып калган.

Бул белгисиз адамдын сүрөтү интернет айдыңына тез тарап, "Китеп алдында дүйнө жүзү күтүп турат", "Митингге карата иммунитет", "Чын жүрөктөн баары бир" деген сыяктуу пикирлердин жаратуучусу болгон.

Кечээ, 2-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп өткөн. Cаат 19:00дөн тартып митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналар, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dembele84
2020-03-03 10:09:01
Молодец эзе бер окушту
+12
assanov97
2020-03-03 10:14:48
Кантип туура митинг кылыш керек деген китеп окуватат
+13
assanov97
2020-03-03 10:15:13
Же качып баратып сыр бербейт
+14
kechirmeni
2020-03-03 10:28:09
"Митингге кантип чыгуу керек", же "Митингге чыгуунун эрежелери" деген китеп болсо керек да :)
-4
Samatalibei
2020-03-03 10:57:39
Кантсе да китеп окуулчу жерди тапкан экен. Бул китеп эмне жөнүндө болду экен?
+1
aybek88
2020-03-03 11:01:02
Samatalibei,Камасутра
+7
Agayu
2020-03-03 11:20:09
Бул Омарды түшүнбөгөндөр , Хаямды да түшүнбөйт.
+14
bond02
2020-03-03 11:58:12
Окуу, окуу жана окуу.
+4
bratanyn
2020-03-03 14:20:44
Дүйнөнү суу каптаса балыка эмне кам.
+3
al-abu-kinesz
2020-03-03 19:54:11
Кыргызстандагы болуп аткан бардык саясий окуяларга болгон катардагы атуулдун реакциясы. Сен менен мен деле интернетти чукулап окуп отурабыз го.
+6
Store
2020-03-03 21:43:25
Бул китеп окубай эле блокнотундагы карыздарын эсептеп отурат окшойт, карыздарын көрүп нерв болуп, колуна тамекида кармап алыптыр кере-кере соруп!))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан