АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун алкагында 11-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алчу бишкектик "Дордой" клубу менен түркмөнстандык "Алтын-Асыр" беттеши башка мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Футбол Союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди АФК уюму клубдардын коопсуздугу үчүн кабыл алган. Бул беттеш азырынча кайсы убакытка жылдырылганы белгисиз.