Биз социалдык тармакта

Бишкек ШИИББи: "Ак Үйдүн кызматкерлерин жулкулдатып, урган аялдар изделүүдө"

Кечээ, 2-мартта митинг учурунда Ак Үйдүн кызматкерлерин жулкулдатып, урган аялдар изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факты Бишкек ШИИББинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берененин (майда бейбаштык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан.

Митингде Ак Үйдүн алдына чогулган аялдар
Ак Үйдөн чыккандарды сөгүп, чаап, тепкен аялдар талкууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aerforce
2020-03-03 22:28:22
Ушул аялдар Жапаровтун туугандарына окшобойт эгер туугандары болсо аман эле болсун
+7
atanazarov10
2020-03-03 22:29:48
Эн туура кармап камаш керек, бул аялдар акчага эле келишкен
+12
arno2008
2020-03-03 23:31:06
Акчаны деле чагымчылдар берди да элди бири бирине кайрап.Биз буларга курал болдукко.
+12
Baku88
2020-03-04 02:13:41
Бала которгон аял дордойдо кыдырып бирдик салган аял го баласынын журогун тушурбой уйдо эле отура бербейби
+5
Pchelka85
2020-03-04 09:18:56
Улуу энелерибиз ушинтип атса иштин буткону экен да .. дагы жаштардан ыйман кетти деп коюшат((
+4
knk
2020-03-04 10:57:26
Булар соо эмес го, чоң эле аялдар ушуну кылабы. Эркектерди аялдардынтепкени кыргызда өөн учураарын билишпейби.Уят, уят
+3
Tiken
2020-03-04 11:18:11
Келечек муундарга мисал катары болчу адамдардын жузу!!! Аял киши эркектин жакасына асылып, жулкулдатып болгон тажаалдыгын корсотуптур эми ушул тарпы калбаган аялдан балдарыбыз улгу алабы??? Биз митингден башка жаштарга эмне корсотуп кайсы таалим-тарбия, жакшы сапаттарыбызды корсото алабыз???
+1
boston___
2020-03-04 12:47:21
мыйзам бузгандардын баарын камаш керек же болбосо чон олчомдогу штрафтарды салыш керек не кереги бар мындай митингтердин баарына шугур кылганды уйронолу туугандар аз акчага алданып мамлекетибизди артка тартпай
+1
Saliman
2020-03-04 14:33:50
Тооба кылдым кайда баратабыз арам акчага сатылып
+2
amirrus
2020-03-04 18:10:39
Камалсын... жон эле уруп тебе берсе Боло береби корунгонду,башка катындарга да сабак болчудай кылгыла...
0
ilgizk
2020-03-04 20:40:36
Өзү го жнгичтерди тепкени деле аздык кылат,аларды бир жерге камап эле чаначтай болгон ичтерин живой мешок кылып тээп ойнош керек.
Бирок мына аял тепкени уят,эркеке кол көтөргөн аял жакшы аял эмес.
0
kirgizstan
2020-03-04 21:14:25
эх Эми кармалсалар уй булонун балдардын эле шору. Аял кишилерге тушунбойм мындай тополон жерде не бар уйдо ишин жокпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан