"Шорпо" каймана аты менен таанымал болгон куудул, пародист жана ырчы Жаныбек Алыкулов тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. 3-мартта маркумдун жаркын элесине арналган куудулдардын эскерүү кечеси орун алды.
Кыргыз Эл артисти Келдибек Ниязов Жаныбек Алыкулов менен иштешкен күндөрү, кызыктуу окуялары тууралуу айтып, бардык жагынан төп келген киши болгон деп эскерди.
Куудул Рахман Разыков: "Мен концерт бергенде залдын жарымы эле толгон. Бүгүн зал толуп турат. Зал толо эл келиш үчүн сөзсүз каза болуш керекпи?" - деген тамаша менен кеп баштады.
"Жаныбек Алыкулов кыргыз, орус тилиндеги сатираларды жетесине жеткирчү. Таланты бар балдарды тарбиялап келем, бирок арасында Жаныбек жок. Манас (ред.: Алыкулов) баламдан атасынын стилин көрүп кубанып калам", - деди ал.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абдылда Иманкулов "досумду күлкү менен эскерейин деп чечтим, атайын келсеңер күлдүрбөй койсом таарынмаксыңар" деп пародия аткарып берди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков чыгармасын аткарып көшөгө артына кеткенине карабай эл токтоосуз кол чабуулары менен сахнага кайтып келүүсүн суранышты. Экинчи ирет сахнага чыккан ырчы мигранттарга арналган чыгармасын аткарып берди. Ал алгачкы концерттик турнесинде Жаныбек Алыкулов алып баруучулукту аркалаганын эскерди.
"Жаныбек Алыкулов көкүрөк күчүгү Гүлжигитти аябай жакшы көрчү. Балам бул жакта футбол ойнойт, баланча жакка барат дечү. Ал эми Манасты чүчпара балам дечү".
Эскерүү кечесине Кыргыз Эл артисттери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери, Жаныбек Алыкуловдун устаттары, шакирттери жана кесиптештери келишти. Алар: Абидин Темиров, Абдылда Иманкулов, Алтынай Нарбаева, Болот Токтобаев, Борончу Кудайбергенов, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Сатыбеков, Жамбыл Камчиев, Жакут Сыдыков, Ильяс Агыбай уулу, Келдибек Ниязов, Кубан Алимов, Кубик Калыков, Рахман Разыков, "Беш тапан" куудулдар тобу жана "Музаман" тобу.