Мындан эки ай мурда Кытайда катталган коронавирус учурда дүйнөнүн ондогон мамлекеттерине тарады. 4-мартка карата каза болгондордун саны 3 198ге жетсе, жуктуруп алгандар 93 126га жетти.
Кытайда каза болгондордун саны салыштырмалуу азайып, Италия менен Иранда коронавирустан жабыркагандардын саны өсүүдө. Сутка ичинде Италияда 27 өлүм катталып, жалпысынан 79га жетти. Ал эми Иранда сутка ичинде 11 адам каза болуп, жалпысынан 77 жаран көз жумду.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирустан 50 миң 675 адам сакайды.