Англиянын Лондон шаарында 14-16-март күндөрү өткөн бокс боюнча Европа чөлкөмүндөгү олимпиадага тандап алуу турниринде Түркиянын эки мушкери жана бир машыктыруучусу коронавирус жуктуруп келишкен. Бул тууралуу аталган өлкөнүн бокс федерациясынын башчысы Эйүп Гөзгеч айтканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Мени ойлондурганы ЭОК (Эл Аралык Олимпиада Комитети) жана Англия өкмөтү бүт өлкөлөр коронавирус менен күрөшүп жатканда жана бүт спорттук иш-чаралар токтотулган убакта бул турнирди өткөргөнү болду. Бул жоопкерчиликсиз. Мунун жыйынтыгында биздин командадагы үч адам коронавирус менен ооруп калышты", - деп билдирген Эйүп Гөзгеч.
24-мартта ЭОКтун президенти Томас Бах менен Япониянын премьер-министри Синзо Абэнин сүйлөшүүсүнүн негизинде "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары 2021-жылдын жай айларына жылдырылган.