Биз социалдык тармакта

"Атайын тартылган сүрөт эмес". Митинг учурунда китеп окуп талкууга алынган сүрөттөгү адам билдирүү жарыялады

"Ала-Тоо" аянтындагы митинг учурунда жайбаракат китеп окуп отурган жарандын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Колдонуучулар аны "Күндүн сүрөтү" деп атап алышкан. Сүрөттүн арткы фонунда күч түзүмдөрү борбордук аянтты көздөй баратканын көрүүгө болот. Ал эми тротуар жакта колунда китеби бар адам тартылып калган.

Аталган сүрөттү айрым колдонуучулар атайын тартылган деп баалашкан. Кийинчерээк сүрөтү тарап кеткен адам социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Айтымында, сүрөт атайын тартылган эмес. Ал китеп ("Солярис" романын) окуп отурганда байкатпай тартып алышкан. "Менин артымда укук коргоо кызматкерлери курчоодо гана турушкан. Эч ким урушкан эмес", - деп жазат ал.

2-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп өткөн. Cаат 19:00дөн тартып митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналар, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышты.

Митинг учурунда китеп окуп талкууга алынган сүрөттөгү адам билдирүү жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Omar.
2020-03-04 10:25:05
Молодец, арзыбаган акчага алданып айбанча кыйкырып аянтта жүргөнчө, эч кимге тоскоол болбой китеп окуп олтурган жакшы.
+12
Mirlan27011987
2020-03-04 10:51:08
Короче жон эле манипуляция элдин ан сезимин. Сокенин кланы кетсин орду тубу менен. Окуп жаткан адамдын досу атайын тартап коюптур. Фейк.
0
tavanova.sarah
2020-03-04 11:11:52
Ушундай уруштай ызы чууда китеп окуса жакшыкен. Мээсине кирип атканы жакшыго))
+10
Omush94
2020-03-04 11:55:26
tavanova.sarah, окуп аткан нерсеңдин ичине кирип кетсең танкка айтылса да түшүнө бересиң негизгиси китептеги окуяга кирип кетиш керек
+15
Abdizhapar
2020-03-04 11:41:25
Озунчо окурман корунот да роман окубай эле сурот коруп жатса керек
-7
bond02
2020-03-04 11:44:59
Бул атайын эле тартылган сурот, абал тынч деген мааниде корсоткулору келген.
-7
aydinnur
2020-03-04 13:49:29
Озунор китеп кармабай калсанар эле атайын тартылган дей бересинерби))Мен деле жакшы жазылган китепти окуганда,кулагым керен болуп ,аралап кирип кетем ичине..Баса "Солярис" аябай кызыктуу китеп,окуп койгула.
+10
Abdizhapar
2020-03-04 22:23:00
aydinnur,мактанып кал
+1
aydinnur
2020-03-06 09:17:23
Abdizhapar,Китеп окуганынды айтканын мактаныч болуп калса,денгээлибиз жетээр жерге жеткен экен((
0
KAYRATBEK
2020-03-04 15:18:37
Маданияттуу митинг оккорууну качан уйронобуз.
+2
PROS
2020-03-04 19:27:07
Мага баарынан да Ала Тоо аянтында, борборубуздун чок ортосунда поддондон жасалган скамейка кызыктуу болуп жатат. Кызык... мэрия канча акча алды экен бюджеттен?)))
-1
pero5184
2020-03-05 00:00:43
Тойдо отурсаң да,китептин ичине кирип алсаң окуй бересиң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан