Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаганын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкен.
Ал эми Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кырсыктан жабыркагандардын аты-жөнү такталганын билдиришти.
4-март күнү саат 00:30 чамасында Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылынын тургуну 1971-жылы туулган Т.Ш. өзүнө таандык Honda Jazz унаасы менен Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынан өзүнүн айылына келе жаткан. Карама-каршы тилкеде келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1976-жылы туулган К.С. өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц-Вито унаасынын рулун башкара албай калып, Honda Jazz унаасынын жолуна чыгып, кагылышып, жол кырсыгына кабылган.
Жол кырсыгынан каза болгондор:
1.Honda Jazz унаасынын айдоочусу Ш.Т.
2.Honda Jazz унаасынын жүргүнчүсү 1949-жылы туулган Т.М.
3.Honda Jazz унаасынын жүргүнчүсү 1971-жылы туулган Р.М.
4.Honda Jazz унаасынын жүргүнчүсү 20-25 жаштардагы аял киши. Аты-жөнү тактала элек.
5.Мерседес-Бенц Вито унаасынын айдоочусу С.К.
Денелеринен жаракат алгандар:
Мерседец-Бенц Вито унаасынын жүргүнчүсү Ош облусунун тургуну 1963-жылы туулган А.С.
Мерседец-Бенц Вито унаасынын жүргүнчүсү 1965-жылы туулган Ш.М.
Мерседец-Бенц Вито унаасынын жүргүнчүсү Баткен облусунун тургуну Э.Р.
Мерседец-Бенц Вито унаасынын жүргүнчүсү Өзбекстан Республикасынын Фергана районунун тургуну 1999-жылы туулган Э.Х.
Мерседец-Бенц Вито унаасынын жүргүнчүсү Өзбекстан Республикасынын жараны 2020-жылы туулган К.Д.
Мерседец-Бенц Вито унаасынын жүргүнчүсү Өзбекстан Республикасынын жараны 1999-жылы туулган Н.М.