Биз социалдык тармакта

"Үйүнөн чыгып кетип, жоголуп кеткен". 4 жаштагы кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди

Бишкекте үйүнөн чыгып кетип, жоголуп кеткен 4 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 3-мартында саат 14:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар тарабынан Чүй көчөсүндөгү "Таалай" базарынын жанында кичинекей кыз адашып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматы барганда, 2016-жылы туулган Б.Р. аттуу кыз адашып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ыкчам издөөнүн натыйжасында кичинекей кыздын апасы табылып, жоголгон кыз ата-энесине өткөрүлүп берилген. Апасы кызы үйдөн чыгып кеткен бойдон келбегендиктен, издеп жүргөндүгүн айткан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан