Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

9-10-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркектер жана аялдар арасында (эркин жана классикалык стилде) алыш бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул турнир 2019-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда UWW (Бириккен Күрөш Дүйнөсү) менен макулдашылган жаңы эрежелер боюнча өтөт.

Салмак категориялары: Эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль): 60, 70, 80, 90, 100 килограмм салмакка чейин жана 100 килограмм салмактан жогору.

Аялдар арасында (эркин жана классикалык стиль): 55, 60, 65, 70, 75 килограмм салмакка чейин жана 75 килограмм салмактан жогору.

Бул өлкө чемпиондугун Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз өлкөсүнүн Бел боо күрөш федерациясы уюштуруп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан